ГИПЕРТОНИЯ

ГИПЕРТОНИЯ

ГИПЕРТОНИЯ ООРУСУ – артериалык кан басымдын жогорулашы узакка созулуп же жогорулаган абалда турукташып калышынан улам пайда болуучу жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт оорусу. (Кошумча маалымат: Эгерде кан басымды өлчөөдө танометрдин көрсөткүчү 140 жана 90дон жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн болсо артериалык кан басымдын жогорку көрсөткүчү болуп эсептелет.) Көп учурда гипертония оорусу 55 жаштан жогорку курактагы адамдарда пайда болот, бирок акыркы кездерде бул оору андан дагы жаш курактагыларда кездешүүдө. Бул оорудан алдын ала сактануу гана жакшы жардам берет, эгерде адам бул ооруга чалдыгып калган болсо анда ар дайым анын жеген тамак-ашы жана күнүмдүк баскан-турганы дарыгер тарабынан коюлган талапка ылайык көзөмөлдөнүшү керек болот. Кантип сактануу керек? • Артериялык кан басымыңарга көзөмөл кылып тургула. Нормада болгон артериалык кан басымдын көрсөткүчү 140 жана 90дон жогору болбошу керек. • Салмагыңарга көзөмөл кылып тургула, ашыкча салмак болсо андан арылуу керек. • Күнүмдүк тамак-ашта тузду аз колдонуңуз. Бир адамдын тузга болгон күнүмдүк нормасы 5граммдан ашпашы керек. Муну ар бир тамактын курамынан чогултуп кароо керек. Мисалы нан, сыр, колбаса жана башка ысык тамактан тышкаркы азыктарды кошо эске алыңыздар. Жалпысынан алып караганда тамакты тузу кем кылып жасагыла. • Эгерде майлуу тамак-ашты жактырсаңыз, анда аны азайтыңыз. • Жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеп туруңуз. Суткасына 400граммдан кем эмес өлчөмдө сунуш кылынат. • Тамеки жана алкогольдон оолак болуңуз. • Стрессти башкара билиңиз. Ал үчүн ар дайым жайдары жүрүп, жашоодогу татаалдашуулар же өзгөрүүлөрдө эмоцияга алдырбай сабырдуу болуңуз жана көпкө ойлондурган маселеден тезирек алаксып, башка нерселер менен алектенип туруңуз. Мисалы физикалык көнүгүү, узакка басуу. Ошондой эле өзүңүзгө жаккан хобби таап алып, ар күнү же чарчаган учурларда аны менен алек болуңуз. • Күн сайын 30-40 минуттан кем эмес активдүү кыймыл аракетте болуңуз. Мисалы чачтын түптөрү нымдалыша турган абалда тез басуу, же жеңил чуркоо сунушталат. Жогордугы нерселерди аткаруу менен сиз бир гана гипертония оорусунан эмес, кант диабети, инсульт (мээдеги кан тамырдын жарылышы), инфаркт (жүрөктүн кан-тамырларынын жарылышы) жана башка жугуштуу эмес көптөгөн оорулардын алдын алган болосуз. Бирок сиз кан басымыңызды качан текшердиңиз? Ден соолук сизге аманат, оорубаңыз жана саламатта болсуңуз.

Points

Маалымат жакшы берилиптир. Бирок бул оорунун жашарып бара жаткандыгы окунучтуу.

Бүгүнкү күндө гипертония менен ооругандардын саны көп болуп жаткандыгынын себеби биринчиден туура эмес тамактануу себеби айылдарда күчтүү тамактарды кеч жеп жатып алгандыгында жана ашыкча салмакты таасири да көйгөй жаратууда ошондой эле кыймылдын аздыгы айылдарды кыдырган мезгилде ушундай кырдаалдарды байкадык жашылча жемиштерди көп жегиле деп сунуштадык кыр жаштан ашкандарда да гипертония ооруусу кездешип жатат айылдык ден соолук комитеттеринин алган маалыматтарын турмушта пайдаланса оору азаят

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information