Урматтуу колдонуучулар, конкурс жыйынтыкталды!

Урматтуу колдонуучулар, конкурс жыйынтыкталды!

Урматтуу «Сак-Саламат» платформабыздын колдонуучулары! жарыяланган «Дени сак жашоо» аталыштагы конкурсубуздун жыйынтыгы чыкты. Конкурска активдүү катышып берген бардык колдонуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Учурда конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталып, утуштары алардын контенттерине жана ага болгон аудиториянын активдүүлүгүнө жараша бааланып, биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү орундар ыйгарылды. Эскерте кетсек конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн байге сыйлыгы катары Xiaomi Amazfit Bip3 смарт сааты жана Xiaomi Mi Band6 Global фитнес браслет, кабелсиз Borofone Bo 16 Bluetooth кулакчын ошондой эле Xiaomi ZMI power bank 10000mAh тышкы аккумулятору жарыя кылынган. Оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо максатында калкка маалымат жеткирүүдө видеоролик аркылуу элге чагылдырып берген төмөнкү катышуучуларды жеңүүчү катары жарыялайбыз. 1- Али – «Түтүн адам үчүн эмес» аталыштагы роликте тамеки түтүнү жана никотинден оолак болууга чакырган. Аталган ролик активдүү көрүүчүлөрдү чогулта алган жана эң көп добуш топтоп, көпчүлүктүн пикирине ээ болгон. 2- Айбек аттуу колдонуучу – «Сулуулук же ден соолук?» аталыштагы ролик жасап катышкан, аталган роликте суук күндөрү баш кийимсиз жүрүүнү адатка айланткан жаштарга карата кайрылуу жасаган. Роликте адистерден алган туура маалыматты бөлүшкөн жана контентте активдүү көрүүчүлөрдү топтой алган. 3- Акаунтун KS атаган колдонуучу «Бут кийим - ден соолук жана маанай» деген аталыштагы роликти даярдап, платформабызга жайгаштырган. Автор бул роликте жаштардан модага айланып калган, суук күндөрү жеңил бут кийим кийүү көйгөйлүү адатты таштоого чакырган. Ошондой эле атайы материалдарды окуп чыгып, анын кандай кесепеттери болоруна токтолгон. Контентте талапка ылайык активдүү катышуучуларды, көрүүчүлөрдү топтогон. 4- Бермет Табылбек кызы – Стресс көгөйү боюнча ролик жасаган. Роликте азыркы учурда көпчүлүк стресстик абалды башкара албай туура эмес кадамдарга көп барып жаткандыктан андан кантип арылуунун жолун иликтеп чыгып, аны эл менен бөлүшүүнү туура көргөн, конкурстун бир нече талаптарын жакшы аткаруу менен өз аудиториясына маалыматын жеткире алды. Аталган 4 активдүү катышуучуну жеңүүчү катары куттуктайбыз, урматтуу жеңүүчүлөр, утуштарыңыздарды Бишкек шаарынын Яков Логвиненко 8 дарегине келип алып кетсеңиздер болот. Сурап билүү телефону: 0558955988 Ар дайым ден соолукта болуп оорубаңыздар жана «Сак-Саламат» платформабыз аркылуу биз менен ар дайым бирге болуңуздар!

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information