Тамеки мыйзамы тууралуу билип коюңуздар.

Тамеки мыйзамы тууралуу билип коюңуздар.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөгү мыйзамы. 4-глава. Тамекини жана никотинди берүүнү азайтууга тийиштүү чаралар. 19-берене. Тамеки заттарын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу тутумду сатууга карата талаптар 1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаларды жана башка тамеки чегүүгө таандык шаймандарды төмөнкүлөргө сатууга тыюу салынат: 1) он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга жана ал адамдардын сатуусуна; 2) төмөнкү жерлерде: а) жаштар иши боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын, маданият жана спорт уюмдарынын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймагында; б) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда; в) имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш ордуларында жана жумуш зоналарында; г) коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде; д) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын имараттарында жана аймагында, балдардын эс алуу уюмдарында, балдар аянтчаларында; е) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында; ж) калыбына келтирүү жана санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана орун жайларда; з) маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянттарда; 3) көтөрүп жүрүп сатуу жолу менен; 4) соода автоматтарын пайдалануу менен. 2. Төмөнкүлөргө жол берилбейт: 1) жыйырма даанадан кем же ашык сигареталары бар керектөө тангагындагы (пачкадагы) сигареталарды чекене сатууга; 2) сигареталарды жана папиросторду дааналап сатууга; 3) колдонуу тарасы жок тамеки заттарын сатууга; 4) тамекини, ошондой эле ысытылуучу тамеки заттарын жана тамекини ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана товарлар менен бирге бир колдонуу тарасына таңгакталып салынган, тамеки жана никотин камтылган буюмдар болуп саналбаган алар үчүн эритмелерди, ошондой эле аларды пайдалануу үчүн шаймандарды сатууга; 5) тамеки буюмдарын, анын ичинде ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында жана Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде, Бажы бирлигинин башка техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди сатууга; 6) тамеки заттарынын, ысытылуучу тамеки заттарынын, тамекини ысытуучу системанын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталардын) жана алар үчүн эритмелердин бардык түрлөрүн пайдалануунун зыяндуулугун эскертүүсүз сатууга; 7) таза никотинди, никотин туздарын, ошондой эле эгерде эритмедеги никотиндин камтылуу көлөмү 20 мг/мл.ден ашып кетсе, никотин эритмесин чекене сатууга. 3. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн сатып өткөрүүчү адамдар ар бир кассанын жанында (же сатып алынган товар үчүн төлөм жүргүзүлгөн жерде) көрүнүктүү жерде тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын, анын ичинде тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки буюмдарын он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга тыюу салынары тууралуу маалыматы бар плакаттарды жайгаштырууга милдеттүү. Ар бир плакаттын көлөмү 1000 чарчы сантиметрден кем эмес болууга тийиш. 4. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки чегүүгө таандык шаймандарды сатып өткөрүүчү адамдар: 1) сатып алуучунун жаш курагынан шек санаган учурда, алардын ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү; 2) алар өздөрүнүн ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтпөгөн учурда, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн заттарды сатуудан баш тартууга тийиш.

Points

👍👍👍

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information