ТАЛАСТА "В" ГЕПАТИТИНЕ КАРШЫ АКЫСЫЗ ЭМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

 ТАЛАСТА "В" ГЕПАТИТИНЕ КАРШЫ АКЫСЫЗ ЭМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

«В» гепатитине каршы эмдөө иштерин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жүргүзүүдө. Эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар жашаган жери боюнча ҮМБ/ЖДПБ (Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана Жалпы дарыгердик практика борборлорунан) акысыз ала алышат. «В» гепатити – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу татаалдашууларга алып келиши мүмкүн болгон кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору болуп эсептелет. Эмдөөнүн алдында «В» вирустук гепатитине акысыз экспресс тестирлөө жүргүзүлөт. «В» гепатитине каршы вакцина 0-1-6 схемасы боюнча үч жолу аралыктар менен жасалат: • биринчи дозасы эмделген күнү • экинчи дозасы 1 айдан кийин жасалат • үчүнчү доза 6 айдан кийин жасалат «В» гепатитине каршы эмдөө Сиздин ден соолугуңузду коргойт жана боор ооруларынын татаалдашууларын алдын алууга жардам берет! Аталган кооптуу оору төмөндөгүдөй жол аркылуу жугат: Гепаттитти жуктуруп алуу коркунучу ооруган же жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө; Ийне аркылуу баңгизат колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда; Стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда; Устара жана маникюр аспаптарын, тиш щеткаларын чогуу колдонгон учурда; Стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө; Корголбогон жыныстык катнаш учурунда (презервативсиз), капысынан болгон байланыштарга барган же бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарда жогору.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information