ТАЛАС ОБЛУСУНУН КАРА-БУУРА РАЙОНУНДА «ЖООПТУУ БОЛ!» АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА Кара-Буура райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында февраль айынан тарта эркектер арасында «Жооптуу бол!» акциясынын бир айлыгы жүрүп жатат. Бир айга созулган акциянын алкагында медицина кызматкерлеринен турган жумушчу топ атайын түзүлгөн графиктин негизинде Кара- Буура районунун аймагындагы мекемелерде эмгектенген эркек кызматкерлерди өз кароолорунан өткөрүшүп, тийиштүү кеңештерин беришет.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation