2022-жылдын 19-декабрь күнү Ош шаарынын номер биринчи Үй бүлөлүк медицина борборунда чоң адамдарга карата гепатит В вирусуна каршы эмдөө башталды. Бул иш чарада келген жарандарга гепатит В вирусу боюнча маалымат берилип, эмдөөдөн өтөбүз деген жарандардан экспресс тест алынып жана жыйынтыгы чыгарылып, каалоочулар эмдөөдөн өтүштү Бул иш чарага Ош шаарынын вице-мэри, Ош шаарынын координаторунун орун басары,сан эпид көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалынын дарыгерлери, үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери ,жалпы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б катышышты. Вирустук гепатитке каршы эмдөө 23 жаштан 65 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарына жүргүзүлөт. Эгерде сиз вирустук гепатитке каршы эмдөөдөн өтө элек болсоңуз, өзүңүз жашап жаткан, Ош шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарына барып эмдөөдөн өтсөңүз болот.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation