КЫШ МЕЗГИЛИ ЖАНА ИММУНИТЕТ

КЫШ МЕЗГИЛИ ЖАНА ИММУНИТЕТ

Температуранын кескин өзгөрүшү, жылуулукту сактоо үчүн организмдеги энергиянын чыгымдарын көбөйтөт, күндүзгү убакыт абдан кыскарат. Мындай шарттарда иммундук системанын инфекцияларга туруштук берүүсү кыйындайт, ошондуктан адам бул мезгилде ден соолугуна өзгөчө көңүл буруп, иммунитетти сактаганга атайы аракет кылышы заарыл. Алгач иммунитет жөнүндө сөз болсун. Иммунитет ДЕГЕН ЭМНЕ? Биздин иммундук система – бул ооруну пайда кылуучу зыяндуу жана бөтөн микроорганизмдерден жана вирустардан организмдин татаал табигый коргонуу системасы. Ал коргонуунун тубаса жана адаптациялануучу механизмдеринен жана формаларынан турат. Тубаса иммунитет эненин курсагында калыптанат. Ал коргоонун бир нече деңгээлине ээ, алардын бири биздин табигый физикалык тоскоолдуктарыбыз, анын милдети – патогендердин жолунда туруу. Башкача айтканда тери, былжыр чел, ичеги эпителийи сыяктуу организмди курчап турган «чек ара» кызматы болуп эсептелет. Тубаса иммунитет өзү коркунучтуу жана бөтөн деп эсептеген тышкы чөйрөнүн ар кандай микробдоруна реакция кылат. Ал эми адаптациялуу иммунитет ымыркайдын жашоого келген учурунан тартып калыптана баштайт. Ал патоген менен ар бир жолуккан сайын "үйрөнөт" жана "үйрөтөт", анын иммундук реакциясы жайыраак, бирок мурунтан эле тааныш патогенге жолугуп отуруп, организмдин тез жана күчтүү реакциясын камсыз кылат, бул процессте сасык тумоону мисал кыла турган болсок, экинчи болуп кайталанган сасык тумоо оорулары ушул себептен жеңилирээк формада өтөт. СУУК АБА-ЫРАЙЫ ИММУНИТЕТКЕ КАНДАЙЧА ТААСИР БЕРЕТ? Суук тийүү - Бул вирустун организмге кирип, жогорку дем алуу жолдорунун курч сезгенүүсүнө алып келген реакция. Ошондуктан суук мезгилдерде организмде эң алгач сасык тумоонун курчушуна оңой шарт түзүлөт, ал эми ал вирустун коомго жайылышына адамдар арасындагы байланыштар бирден-бир себеп болуп эсептелет. Бирок көчөдөгү аба ырайы дагы оорунун көрсөткүчүнө таасирин тийгизет. Бир катар өлкөлөрдүн статистикасы көрсөткөндөй, күз-кыш мезгилинде дарыгерге кайрылуулардын саны 12,5% өсөт. Вирустун курчушуна жана жайылышына себеп болгон факторлор Температуранын жана нымдуулуктун өзгөрүшү. Лабораториялык изилдөөлөрдө абанын температурасы суук болуп, аба кургак болуп турган учурда вирустар активдүүрөөк жугушу мүмкүн экени белгиленген. Демек кыш мезгилинде сыртта нымдуулук жогору болгону менен жылытылган бөлмөлөрдүн ичинде аба кургак болот, ошондуктан сырттагы суук температура менен үй ичиндеги кургак абанын айкалышы вирустардын активдүүлүгүнө таасирин тийгизет деген божомолдор бар. Жабык имараттар жана таза аба. Патогендик микроорганизмдер (жогорудагы мисал келтирилген «чек араны» бузуп кирүүчү тышкы душмандар) эл көп чогулган чөйрөнү жакшы көрүшөт жана таза абаны жактырышпайт, ошондуктан алар желдетилбеген жерлерде туруктуулугун арттырышат жана ал тургай убакыттын өтүшү менен концентрациясынын жогорулашы дагы мүмкүн. Суук мезгилдерде адамдар таза абага көп чыкпай калышат, тескерисинче дайыма желдетилбеген имараттарда, коомдук транспорттордо жана эл чогулган жерлерде көпкө кармалышат. D витамининин жетишсиздиги. Д витамини иммундук системанын нормалдуу иштеши үчүн маанилүү экени анык, анткени ал тубаса да, адаптацияланган дагы иммунитетти түздөн-түз жөнгө салат. Организм ал тургай бул витаминди териде өз алдынча өндүрө алат, бирок бул процесс ультрафиолет нурун талап кылат. Кыш мезгилинин келиши менен түн узарып, күн кыскарат, бул мезгилде организмдин күндөн алуучу энергияга муктаждыгы артып, теринин ультрафиолет нуру менен азыктануусу азайат. Патогендик активдүүлүк. Мисалга келтире кетчү нерсе, аба-ырайынын суук болуп, бирок кар жаабай калган учурда сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүп, бирок кар жаагандан кийин сасык тумоонун жайылышы азайып кеткендиги көп байкалат. Анын себеби төмөнкүчө. Кээ бир микроорганизмдер жана вирустар нымдуулуктун төмөн шарттарында көбүрөөк “жашайт”. Биз дем алып жаткан абада башка адамдардын дем алуусу аркылуу таралып жаткан микроскопиялык тамчылар болот. Аба канчалык кургак болсо, алардын нымдуулугу дагы ошончолук тез бууланат. Ошондой эле бууланган тамчы жеңилирээк болуп, абада узакка кармалат дагы анын жайылуу процесси тездейт. Иммундук системанын иштешиндеги өзгөрүүлөр. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар кандай типтеги иммундук клеткалар жылдын ар кандай мезгилинде активдүүлүгүн жогорулатат. Демек, иммунитет ар дайым эле бир калыпта кубаттуу болуп тура бербейт, ал өз убактысы менен жогорулап жана төмөндөп турган учуру болот. Изилдөөчү окумуштуулардын айтымына караганда иммунитеттин кубаттуулугунун төмөндөгөн учуру дагы кыш мезгилине туура келет. КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК? Урматтуу окурман, негизинен сасык тумоо же сасык тумоого кабылуу коркунучун арттырган жашоо мүнөзүбүзгө байланыштуу дагы башка себептер бар. Суук аба ырайында ооруп калбоо үчүн, аларга да көңүл буруу абзел. Алар суук мезгилдерде гана эске алынбастан жыл бою актуалдуу болуп эсептелет. Гигиенаны таза сактоо. • Колду самын менен жууп же антисептик менен тазалап туруу. (самынды көп колдонуу колду кургатып жибергендиктен, көп учурда антисептик пайдалануу сунушталат). • Жуулбаган кол менен ооз, көз жана мурундун айланасын кармабоо • Чүчкүргөндө чыканактын ичи менен ооз, мурунду жаап калуу Ар түрдүү тамактануу. Иммундук системаны күчөтүү үчүн тамак-аш рационуна витаминдерге бай азык-түлүктөрдү көбүрөөк пайдалануу сунушталат, айрыкча кыш мезгилинде D витаминине бай азыктарды көп колдонуңуздар. • Сунушталган витаминдер: A, B6, B9, B12, C, D, E; • Микроэлементтер цинк, темир, селен, магний • Омега-3 май кислоталары Туура уйку. Башка мезгилдерден айырмаланып кышындагы уйку организмдин талабына ылайык бир аз узагыраак болушу керек, ошондой эле ар мезгилде актуалдуу болгон уйку режимин дагы сактоо кажет. Тагырак айтканда эң пайдалуу уйку түндүн алгачкы үчтөн биринчи бөлүгүндө болуп эсептелет. Болжол менен алып караганда 22:00дөн 02:00гө чейинки аралык. Стрессти башкара билүү. Стресс иммундук системаны жабыркатат. Көп учурда адам стресске кабылганын сезбейт же кабылдым деп түшүнбөйт, бирок организм анын таасирине кабыла берет. Ошондуктан адамды көпкө ойлондуруп, түйшөлткөн кандай маселе болбосун анын айланасында көпкө ойлонуп отурбашы керек, жөнөкөй, жай турмушта жашап жатам десеңиз дагы жасап жаткан ишиңизден тез-тез алаксып, айрыкча адамдын көңүлүн көтөрүүчү нерселерге көңүл буруп туруңуз. Физикалык активдүүлүк. Физикалык жактан активдүү адамдарда зат алмашуу тез-тез болуп тургандыктан, иммундук системасы дагы күчтүү болот, ошондуктан активдүү жүрүм-турумдагы адамдардын организми көптөгөн ооруларга туруштук берет. Акыркы мезгилдеги адатка айланган «экранга байланган» убакытты азайтууга өзгөчө көңүл бөлүү кажет. Физикалык актвидүүлүктүн курактык нормалары: 1 жаштагы балдарга – экран алдында бир калыпта отургузуп коюу сунушталбайт, алар ар дайым кыймыл аракетте болуп турушу жакшы. 2 жаштагылар экран алдында 1 сааттан ашык отурууга болбойт. 5жаштан 17 жашка чейинки курактагылар күн сайын 60минуттан кем эмес жогорку жана орто интенсивдүү кыймыл аракет жасашы керек, жумасына минимум 3 жолу атайы көнүгүүлөрдү жасап туруу сунушталат. 18жаштан 64 жашка чейинкилер Жумасына 150-300минуттан кем эмес жеңил көнүгүүлөр, мисалы чуркоо, ал эми минимум 75-150 минут күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасап туруу сунушталат. 65жаштан жогорку курактагылар үчүн башка курактагылардай эле күн сайын тез-тез басуу, жеңил көнүгүүлөрдү жасап туруу сунушталат, ошондой эле жумасына үч жолу өзгөчөлөнгөн, ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Кош бойлуу жана төрөттөн кийинки аялдар үчүн (каршы көрсөтмөсү барларга сунушталбайт) Жумасына 150 минут жеңил кыймыл аракеттер - орточо интенсивдүүлүк. Тез-тез басуу, жай чуркоо, топ ойноо. Тагырак айтканда денедеги кан айлануу тездеп, жүрөктүн согуу ылдамдыгын жогорулатуу. Комментарийге пикир калтырыңыз.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information