Сасык тумоого кимдер чалдыкпайт?

Сасык тумоого кимдер чалдыкпайт?

Сасык тумоо вирусунун 3 түрү бар: А, В жана С. Алар бири-биринен түзүлүшү боюнча айырмаланат жана ар кандай татаалдыктагы ооруларга алып барат. А тибиндеги вирус адамдар оңой көтөрө алган В жана С түрлөрүнөн айырмаланып сасык тумоонун эң оор түрлөрүнө дуушар кылат. Бирок кайсы түрү болбосун баарынан бирдей гана сактык чаралары аркылуу сактана аласыз. ►Суукта узак убакытка кармалбаңыз; ►Сыртка баш кийимсиз чыкпаңыз; ►Буттун жылуулугуна кам көрүңүз; ►Эл чогулган жерлерден оолак болуу (аргасыз болгон учурда беткап тагыныңыз); ►Муздак суусундуктардан алыс болуңуз. (өзгөчө тамак жана ооз, мурун көңдөйүндө өнөкөт оорусу барлар); ►Колду антисептик менен тазалап жүрүңүз; ►Жуулбаган кол менен ооз, мурун жана көздүн айланасын кармабаңыз; ►Жөтөлүп же чүчкүрүп жаткан адамдардын жанында көпкө кармалбаңыз; ►Эгерде үй бүлө мүчөлөрүнүн бири тумоолоп жатса, маал-маалы менен эшик, терезелерди ачып, абаны алмаштырып туруңуз, ошондой эле жаңы тумоолоп баштаганда алгачкы 3 күн аралыгында этият болуу кажет. ►Тамак-аш рационун ар түрдүү азыктар менен толуктаңыз Сасык тумоого тез чалдыктыруучу көнүмүш адаттар ►Аба-ырайына кайдыгер көңүл буруу ►Аз кыймылдуулук ►Алкоголь жана тамеки колдонуу (мындай заттар иммунитеттин душманы болуп эсептелет) ►Бир мүнөздүү тамактанууну көпкө улантуу Кайсы учурлар кооптуу? Негизинен сасык тумоонун күч алуу процесси ноябрь айынан башталат, эң өөрчүп өскөн учуру болуп январь айынын этеги жана февраль айы болуп эсептелет. Ошентсе дагы аба-ырайына карап, ден соолукка кылдат мамиле кылуу кажет. Себеби күндүзү күн тийип турган учурда көпчүлүк жеңил кийинип чыгып кетишет, мындай учурда дене аз аздан суук алып баштайт, айрымдар кандайдыр бир иш менен кармалып, үйүнө кеч кайткан учурлар болот, бул учурда сасык тумоого чалдыгып калуу коркунучу жогорулайт. Дагы бир эске салуучу нерсе, суук күндөрү ысык үйдөн сыртка чыккан адам, алгач суукту сезбейт, бирок бул учурда организм суукту сууктай кабылдай берет, ошондуктан бул жагын дагы эске ала жүрүү керек. Өз ден соолугуңузга өзүңүз кам көрүңүз жана оорубаңыз!

Points

👍👍👍

Маанилуу

Маанилуу

сасык тумоодон бир жумадан отуп кетти айыга албай жатам. кайсы дарыны ичсем жакшы антигрипин жардам бербей жатат.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information