Алгач бир нече факторлорго токтололу. 🔶Албетте, бул маселеде операция жасай турган ортопед-хирургдун квалификациясы жана тажрыйбасы чоң мааниге ээ болот. Протездөө - бул татаал хирургиялык кийлигишүү, ошондой эле дарыгердин тажрыйбасы жана анын кесипкөйлүгү канчалык чоң болсо, операциянын толук камдуу ийгилиги дагы ошончолук көп болот. Бирок ийгиликтин башка факторлору дагы маанилүү орунду ээлейт. 🔶Операция алдында толук текшерүүдөн өтүп, ден соолук көйгөйлөрү тууралуу дарыгерге маалымат берүү. Ишенип коюңуз, дарыгер операциянын алдында анализдерди жана изилдөөлөрдү жөн жеринен эле дайындай бербейт - алардын ар бири сизге жасалуучу операциянын ийгиликтүү болушу үчүн аткарылат. Ал эми операция алдында, мисалы, стоматологго барып, ооз көңдөйүнүн санитариясын жүргүзүү сунушталса, бул операциядан кийин мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн абдан маанилүү! 🔶Муундардын артропластикасынын жыйынтыгына таасир этүүчү үчүнчү фактор - бул орнотула турган импланттын тандалып алынуусу. Пациенттин жашын, анын ден соолугунун абалын, коштолгон ооруларды жана адамдын келечектеги жашоосунда ошол муунга таасир берүүчү физикалык басымдын деңгээлин эске алуу менен эндопротез жекече тандалып алынат. Эндопротездөө учурунда биз алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн (DePuy (АКШ), Stryker (АКШ), Muller (Германия), Aesculap (Германия)) жогорку сапаттагы эндопротездерин гана орнотобуз, анткени протездин сапатына көп нерсе көз каранды болот, мисалы; операциянын натыйжалуулугу жана пациенттин толук реабилитациясына кызмат кылуу мөөнөтү. 🔶Анан албетте, операцияга жана операциядан кийинки реабилитацияга даярдоо стадиясында пациенттин жүрүм-турумунан дагы көп нерсе көз каранды. Пациент аткара турган көнүгүүлөр жана ал кармануу керек болгон чектөөлөр пациентке тезирээк сакайып, активдүү жашоого кайтууга жардам берет!
кайсыл жерге кайрылса болот толук маалымат бере кетсенер, бул доктор кайсыл ооруканада иштейт?
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation