АИВ/ЖИКС дүйнөдөгү, өзгөчө кирешеси төмөн жана ортоңку өлкөлөрдө эң олуттуу коомдук саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Ошентсе дагы акыркы мезгилдерде антиретровирустук терапиянын (АРТ) жеткиликтүүлүгү кеңейип, натыйжада АИВ менен жашаган адамдар узак жана дени сак өмүр сүрүүдө. Кошумчалай кетсек, АРТ АИВдин андан ары жугуусунун алдын алары боюнча далилдер бар. 2021-жылы болжол менен 28,7 миллион адам АИВден дарылануудан өттү. Бирок, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча АИВ менен жашаган 38,4 миллион адамдын 75% гана АРТ алган. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча АИВ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу жана жоюу, энелерди аман алып калуу боюнча дагы жылыштар болду. 2021-жылы АИВ-позитивдүү кош бойлуу аялдардын 81% же 1,1 миллион аял антиретровирустук дарыларды (АРВ) алышкан. КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА 2022-ЖЫЛДЫН 1-НОЯБЫРЫНА КАРАТА ЖАЛПЫ МААЛЫМАТТАР 1-АИВ менен катталгандардын жалпы саны – 11243 ►Эркектер – 7067 ►Аялдар – 4176 Анын ичинде АИВ оорулуу балдардын саны – 741 ►эркек балдар – 425 ►кыздар – 316 АИВ менен катталгандардын ичинен көз жумгандардын саны – 2997 Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн жарандары АИВ менен катталгандардын жалпы саны – 683 ►Эркектер – 483 ►Аялдар – 200 Анын ичинде АИВ оорулуу балдардын саны – 13 ►Эркек балдар – 9 ►Кыздар - 4 АИВден сактануу жолу коркууну эмес, этияттыкты гана талап кылат, кокустукка дуушар болгондор дароо дарыгелредин кеңешине кайрылуу зарыл, канчалык эрте кайрылуу жашоону ошончолук жеңилдетет.
Эн сонун
Бул ооруну алдын алуу' боюнча маалыматтарды калктын бардык катмары билууго тийиш.
Эрте дарыналыш керек.
Сактаныш керек
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation