Ашыкча салмактуулук жыл сайын 3млн адамдын өлүмүнө себепчи

Ашыкча салмактуулук жыл сайын 3млн адамдын өлүмүнө себепчи

1980-жылдан тартып дүйнө жүзү боюнча семиздикке чалдыккандардын саны эки эседен ашкан. 2008-жылы 1,4 миллиард адам ашыкча салмакта болуп, 500 миллион адам семирип кетүү менен жабыркаган. Негизинен ашыкча салмак жана семирүү - бир жыл ичиндеги 3 миллион адамдын өлүмүнө себеп болот. Эске алчу нерсе, Ашыкча салмактан жана семиздиктен арылуу көпчүлүк учурда мүмкүн болбогон же өтө татаал маселе болгондуктан, тек гана алдын алуу анын бирден-бир дабасы болуп эсептелет. Дарылануу көйгөйүнө жеткирбеңиз жана кыймыл аракетте болуңуз! Күнүмдүк норма курагына жараша *Жогорку курактагыларга 15-20 минут *Орто курактагыларга 30-40 минут *Жаш балдарга 60минут же андан жогору убакыт тынымсыз, тер чыгара турган кыймыл аракеттер болуп турушу зарыл, ошондой эле ден соолугуна, салмагына жана абалына жараша ылайыктап алуу кажет. Мындан тышкары ашыкча салмактуулукту алууда туура тамактануу дагы чоң мааниге ээ. А сиз туура тамактануунун шарттарын билесизби? Пикирлер же суроолор болсо комментарийге калтырыңыздар.

Points

Туура тамактануунун эрежелерин айта кетсенер, кантип туура тамактанса болот?

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information