Футбол ойноонун пайдасы

Футбол ойноонун пайдасы

Эгер денени тез аранын ичинде чыңдоону кааласаңыз анда топту алып, футбол ойноого киришиңиз. Бирок демейде футбол ойноп жүрбөсөңүз анда шыр эле футболдук командага кошулуп кетүүдөн карманыңыз. Акырындык менен дем алуу жолдорун жана буттардын муундарын машыктырууга киришиңиз, бул процесс бир нече айга дагы созулушу ыктымал, андыктан шашылбастан күн сайын 15-20 минуттан топ менен алек болуп, даярдык көрүңүз, бирок бул убакыт өткөндөн кийин, физиологиялык кыйынчылыктардын жоюлушун байкай аласыз. Футболдун жардамы менен: ►иммунитет бекемделет; ►кан тамырлар жана жүрөк булчуң менен көйгөйлөрдүн ыктымалдуулугу азаят; ►кан айлануу жакшырат, ошондой эле дененин кычкылтек менен камсыздалышы жөнгө салынып баштайт; ►зат алмашуу процесстери нормалдаштырылат. Мындай спорттук оюндар сөөк ткандарын чыңдоого жакшы таасир берет. Футбол ойногондордун активдүүлүгү бардык булчуңдарды машыктыруусу болуп эсептелет. Футбол оюну менен бардык курактагы адамдар өз күчүн сынап көрсө болот. Футбол оюну психикалык жактан оюнчулар ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин калыптанышына өбөлгө түзөт. Эң кызыгы бул оюнду эреже катары жайбаракат ойногон команда көп учурда жеңишке жетишет. ФУТБОЛ ОЙНОП, ДЕН СООЛУКТА БОЛУҢУЗДАР! Маалымат жакса 👍 белгисин басып, дагы ой-пикириңиздер же футболдо болгон кызыктуу окуяларыңыздар болсо биз менен бөлүшүп комментарийге жазып кетиңиздер.

Points

11 метрден тебейин деп жатканда берки жактын оюнчусу отуп кетсе дагы апсайт болобу?

11 метрден апсайт жок го дейм брат, просто топту ортодон баштаганда эле отпош керек

Ким кайсы команданы колдоп жатат ЧМ-дан ?

Мен Бразиляны колдоп жатам буйруса утат ставка дагы койом

Бразиля утат

ооба топ ойноп турганга не жетсин, бирок футболго барып журуп тамеки чегип жургондорго тангала берем, мен мисалы футбол ойной албасам дагы анча мынча барып турам ден соолук учун и ошол баргандан бери тамекиден баш тартып жатам.

11 метрде тепкенде топтон мурда башка оюнчу тигилер жакка отуп кетсе офсайд болуп эсептелет достор.

Никода нипозна да? 😁

Ойлосом озубуз конул бурбай журо берип качан ооруганда кыймылдап баштайт экенбиз мен дагы уйдо тебилбей жаткан топту алып 15-20 минут жон эле ойноп атам кундо болбосо дагы бош убакыт таап атайы чыгып тээп атам, аялым дагы тангалып атат буга не жин тийген деп ))))

Эн жакшы жана пайдалуу маалымат экен спорт менен алектенип турсае кандай сонун

Жакшы маалымат экен, бирок футбол ойноп ден соолукту чындайм десен тамекини ташташ керек экен, тамекини таштабасан футболду вынужден таштайт экенсин. эгер тамекини таштасан футболду дайыма ойноп калат экенсин менин башымдан откону ушул окуя

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information