Кант диабетин алдын алуу

Кант диабетин алдын алуу

Ысык-Ата Райондук Мамлекеттик администрациясында "Кант диабети менен күрөшүү күнүнө" карата Акимиаттын кызматкерлери медициналык кароодон өтүп, кандагы канттын деңгээлин текшертишип, дарыгердин кеңешин угуп жана маалымат баракчаларын алып кетишти. Ошондой эле каалоочулар сезондук гриппке каршы "Гриппол" вакцинасын эмдетишип, грипп оорусуна иммунитетти чыңдап алышты. Кант диабети жугуштуу эмес оорулардын катарына кирип, статистикалык маалыматтарга таянсак, республика боюнча рак оорусу, жүрөк кан-тамыр оорулары сыяктуу эле алдыңкы орундарда турат. Ошондуктан бул оорулардын алдын алуу үчүн, ар бир адам өз жүрүм-турумун өзгөртүп, сергек жашоо мүнөзүн колдонууга аракет кылыш керек.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information