2022- жылдын 14-ноябрдан баштап, Ош шаарында Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөлор мектептердин медициналык пунктарында акысыз жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылынын аралыгында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинасы берилет. Вакцина 6 ай аралыгында эки жолу берилет (Эгер биринчи дозасы ноябрда берилсе, экинчи дозасы май айында) жана булчуңга ийнине 0,5 мл дозада гана берилет. Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина боюнча, атайын уюштурулган иш чара, Ош шаарынын Ю. Гагарин мектебинин жыйындар залында өтүлүп, ата-энелерге маалымат берилип , суроолорго жооп берилди. Бул иш чарага Ош шаарынын вице-мэри, сан эпид көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалынын дарыгерлери, үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери ,жалпы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б катышышты.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation