ЫКТЫЯРЧЫЛАР ҮЧҮН КОНКУРС

ЫКТЫЯРЧЫЛАР ҮЧҮН КОНКУРС

Урматтуу мекендештер! Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ыктыярчылар арасында ооруларды алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча “дени сак жашоо” аталыштагы конкурс жарыялайт! Конкурска ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча каалаган темада 40 секунддан ашпаган видеоролик же фото материал жасап катыша аласыздар. Конкурстун жеңүүчүлөрүн смарт сааты, power bank жана смартфондор үчүн кабелсиз наушник күтөт. Конкурстун шарттары: • А дегенде saksalamat.info платформасына электрондук почта аркылуу катталуу зарыл. Катталуунун инструкциясы төмөнкү ссылкада: https://youtu.be/SbUCMEd7a3o • Катышуучулардын жашы 16 жаштан жогору болушу керек • Видео горизонталдык форматта тартылышы керек • Видеодо айтылган сөздөр даана угулушу зарыл • Зыяндуу адаттарды, заттарды колдонбоого чакырыктар боло турган болсо андай адаттар же заттар тескерисинче жарнамалык мүнөздө чагылдырып калбашы керек. (мисалы тамеки чегип жатканын же алкоголь ичимдиктерин ичип жатканын түзмө-түз көрсөтүүгө болбойт) • Даярдалган материал saksalamat.info платформасынын ФОРУМ бөлүмүнө жайгаштырылышы керек. Же төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, жайгаштырса болот: https://saksalamat.info/group/66 • постту жайгаштырып жатканда материалдын башкы темасы жана материал тууралуу кыскача маалымат жазылышы керек. Жеңүүчүнү аныктоодо чыгарылган контенттердин актуалдуулугу жана контент жасоодогу чеберчилиги ошондой эле ал контенттин алдына (комментарийге) калтырылган ой пикирлер менен контентке басылган “жакты” белгиси аркылуу берилген добуштар эсептелет. ►Катышуучулар тандап алуу үчүн сунушталган темалар: Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча: 1. Жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алуу 2. Кант диабетин алдын алуу 3. Жол кырсыктарын алдын алуу 4. Зордук зомбулукту болтурбоо 5. Психикалык оорулардын алдын алуу 6. Онкологиялык оорулардын алдын алуу Жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча: 1. АИВ/ЖИКСти алдын алуу 2. Эхинококкозду алдын алуу 3. Бруцеллезду алдын алуу 4. Кургак учукту алдын алуу 5. Сасык тумоону алдын алуу 6. Менингит жана башкалар Зыяндуу адаттар боюнча 1. Алкоголь 2. Тамеки 3. Насвай Алкоголсуз чөйрө Алкоголсуз жашоо Алкоголсуз майрамдар Алкоголсуз куттуктоо Алкогол ичпеген айдоочу Алкоголго жол жок. Алкоголдун кесепетинен пайда болгон оорулар жана башка. Тамекини таштаңыз Тамекиге каршы күрөш Тамекисиз жашоо Тамеки түтүнүн жыттабаган үй бүлө Тамеки түтүнү жыттанбаган шаар Тамеки жыттанбаган кафелер Тамекинин айынан келип чыккан оорулар жана башка

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information