Урматтуу Кара-Көл шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиздин шаарыңызда эмнелердин болушун, кандай шарттардын түзүлүшүн каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз маанилүү! катталуунун инструкциясы: https://www.youtube.com/watch?v=SbUCMEd7a3o&t=3s суроолоруңуздар болсо бул жерге калтырыңыздар https://saksalamat.info/post/1088?autoLogin=1
Шаарда тротуарлар жок, ошондуктан абаны тазартуу учун тигиле турган бактарды отургузууга мумкунчулук аз. Калктын ден соолугун чындоо учун кочолорго спорттук аянтчалардын курулушу, велосипед менен журо турган жолдордун салынышы маанилуу. Бул шаар тургундары учун сергек жашоо мунозун карманууга шарт тузмок.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation