КАДАМЖАЙ ДЕНИ САК ШААР

КАДАМЖАЙ ДЕНИ САК ШААР

Урматтуу Кадамжай шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиздин шаарыңызда эмнелердин болушун, кандай шарттардын түзүлүшүн каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз маанилүү! катталуунун инструкциясы: https://www.youtube.com/watch?v=SbUCMEd7a3o&t=3s суроолоруңуздар болсо бул жерге калтырыңыздар https://saksalamat.info/post/1088?autoLogin=1

Points

Спорт комплекстери активдуу иштеп, мусорлор бат баттан алынып, кочолор таза болуп, коомдук тамактануучу жайлардын таза болушу шарт.

Дени сак калк үчүн биздин Кадамжай шаарына таза эс алуу жай ( парк), малинаны кайра иштетүү ишканалар керек.

"Сен таза болсоң, мен таза болсом, Коомда таза болот"- деп бекеринен айтпаса керек

Кадамжай шаарыбыздын дени сак болуусу, эң биринчиден элибиздин пайдалуу билимдерге ээ болуусунан башталат. Эл туура маданиятты адатка айлантмайынча, парк куруп береби, шаарды тазалайбы, баари бир баягысы баягы бойдон калат, коротулган акчалар асманга сапырылат. Элибизге "даяр балыкты берип бир тойгозбой, туура, пайдалуу балык кармаганды үйрөтөлү" көп-көп пайдалуу болот. Билимдүү эл- эң күчтүү, эң маданияттуу эл. Ошондо ар бир жаран элге жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасап, МАДАНИЯТУУ болот.

Кадамжай шаарындагы таштанды таштоочу жайларды замандын онугуусуно жараша озгортуу керек, пакеттер туш келди жерде учуп журот. Элибизди много разовые баштыкчаларды колдонууга чакырат элем. Кадамжай шаарында парк керек.

Кадамжай районунда 120 минден ашуун калк жашайт, шаардагы калктын Дени сак болушу учун алардын журум турумун озгортуу керек, ал учун ар бир киши озунун акыл эси менен озунон баштоосу зарыл

Биздин Кадамжай шаарына эс алуу учун парк, балдар ойноочу чоон атракциондор, эркектер учун болок (отдельно) аялдар учун болок фитнес клубтар керек🤗

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information