Урматтуу Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиздин шаарыңызда эмнелердин болушун, кандай шарттардын түзүлүшүн каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз маанилүү! катталуунун инструкциясы: https://www.youtube.com/watch?v=SbUCMEd7a3o&t=3s
шаарда тротуарлар деген такыр жок
воллейбол ойной турган аянтчаларды кобойтуш керек
Чуркай турган 3км лик тратурар керек шаардын чет жагына
пешеходный переходдорду жанылап жол сызыктарын калыбына келтирип туруш керек.
Балыкчы шаарынын тургундары, шаардын онугуусу учун озунордун пикириниздерди билдирсениздер.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation