ӨЗГӨН - ДЕНИ САК ШААР

ӨЗГӨН - ДЕНИ САК ШААР

Урматтуу Өзгөн шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиздин шаарыңызда эмнелердин болушун, кандай шарттардын түзүлүшүн каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз маанилүү! катталуунун инструкциясы: https://www.youtube.com/watch?v=SbUCMEd7a3o&t=3s суроолоруңуздар болсо бул жерге калтырыңыздар https://saksalamat.info/post/1088?autoLogin=1

Points

Чон рахмат сиздерге сунуштарыңыздарга. Албете каралат бул сунуштар. Ден соолукта болуңуздар.

Озгон шаарында ковидге каршы пцр анализ ала турган лаборатория ачылса жакшы болот эле. Кээде ковидге каршы документ талап кылып калышат, алыс жакка барып келген ынгайсыз болот экен.

Эт сатулуучу жайлар жабык холодильникте сатылса

Нан, даярдалган тамактар ( пряшки, казы карта,салаттар, самса)ачык сатылууда Сут, айран,кымыз , сузмо,сары май, чобого азыктыры ачык жолдун бойлорунда сатылууда Ашканалар талапка жооп бербейт, тазалык жок Озгон борбордук базардын ичи иретсиз адам басуучу жолдор тар.

Шаарда мусор таштоочу урналар жок

Өзгөн шаары эң байыркы шаарлардын бири,ошого карабай азыркы абалы мышык ыйлагыдай абалга келип калды.Мамлекетибиздеги оош кыйыш абал,базар экономикасы ж.б.у.с.дын таасирине да кабылды окшойт.Шаардын кай тарабына барба баары алган,саткан мусордун чыгындылары,тамак аш саткан ит кемелер,тез татым самса каналар ушулардын баары шаарды ансайын (көркүнө)чыгарып турат.Жол тыгынын айтпай эле койоюн.Шаардын үстүнөн караган адамга чалдыбары чыккан Африкадагы шаарларды элестетет.

Тротуарлар ондолсо , жамгыр, кар жааганда басууга мүмкүн эмес.

Спорттук аянтча, залдар курулса

Жабык бассейн курулса

Продукту сатуулучу жайлардын тазалыгын кароо Жолду кеңейтүү Авто стоянкаларды кою

Фитнес клубдар Спорт аянтчалар болсо

Шаар таза эмес сатылган жерлер тыгын чачыранды катар жайгашкан эмес базардагы жолдор тыгын кирип чыгыш кыйын тамак аш нан жапкан жерлер нан койгон жерлер таза эмес

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information