НАРЫН ДЕНИ САК ШААР

НАРЫН ДЕНИ САК ШААР

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиздин шаарыңызда эмнелердин болушун, кандай шарттардын түзүлүшүн каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз маанилүү! катталуунун инструкциясы: https://www.youtube.com/watch?v=SbUCMEd7a3o&t=3s

Points

тротуарлар керек

Нарын шаарында шаардыктар эле эмес айылдан базарлап келгендер деле коп ден соолукка деле конул бурай келип кете беребиз бирок коп жерге акысыз текшеруулоду мисалы сахарный менен давленияны олчоп турган акысыз кызматтарды ар жуманын бир кундоруно уюштуруп койсо жакшы болмок деп ойлойм

Нарында деле Бишкектегидей чон оюн залдарын уюштуруп койсо жакшы болот себеби балдарды ойнотуп барып уй було менен чогу эс алып келмей деле жокко эсе.

анча мынча алкаштарды тезирек ондогонго мамлекеттик же частный наркологический диспансерлерди кобойтуш керек ичип кеткендерди ооруканаларга жаткырганда айрымдар ошодон тартынышат экен анан журо берип качан оло турган болгондо реанимацияга тушот экен чакан эле диспансерлерди уюштуруп тымызын эле эсине келтирип анан жакшы даваттан берип туруп чыгара турган борборлор керек баса психологдордун созу отпой баратат элге

Жаш балдар арасында рекетчилик коп экен. ошону жок кылыш керек.

Жакшы, аллеялар салынып жатат, эң жакшы.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information