РАЗЗАКОВ ДЕНИ САК ШААР

РАЗЗАКОВ ДЕНИ САК ШААР

Урматтуу Раззаков шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиз жашаган шаарда эмнелердин болушун каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз келечек үчүн маанилүү!

Points

Урматтуу уюштуруучулар биздин шаардагы ГСВ Жана КДО болумдорунда шарт начар кабинеттер жетишпейт 3-кабат бутуусуз турат Кире бериш жолдору да начар элдин ден соолугу учун иштеп келе жаткан медицина кызматкерлерине биринчиден жакшы шарт тузуу зарыл.Андан сырт биздин кочолордо жолдор да начар Элдин ден соолугун жакшыртуу учун бизге балдар ойношуна жакшыраак спорт аянтчалары мисал учун кочолорго андан сырт велосипед тепчуу жол (велодорожка)жолго коюлса абдан соонун болот эле

Биздин шаардагы ооруканалардын аймагындагы дарыканаларда сатылып жаткан дары-дармектер эки эсеге кымбат. Жардамга (ОМСке) келген дарыларды дарыгерлер өздөрүнүн менчик болгон дарыканаларына коюп, кымбат баада сатат. Ооруган адам барса, дарыларды жазып, өзүнүн дарыканасына жөнөтөт. Барсаң дарыгердин аялы, баласы же кызы сатып турган болот. Ушуну көзөмөлдөгөн киши жок. Карапайым элге кыйын.

Эч алуучу жайлардын ар бир шаар ичиндеги кичи райондордо болуусу керек

Балдар ойноочу аянтчалардын заманбап ондоп тузолуусу, тазалыгы

Раззаков шаарындагы кээ бир борбордук кочолордо киши басканга жол жок, техника кобойгондуктон балдарыбыздын кочодон мектепке барып келгенче ойлоносун, кырсыктан коркосун, ошондуктан, тратуарлардын ондолушу ден соолука ото маанилуу.

Комментарий калтыруу жол-жобосун жөнөкөй элдер үчүн бир аз жеңилдетүү керек (без регистрация)

Шаарларда гана эмес айылдарда да спорт аянтчалар болсо,балдарыбыз машыгалы десе эчнерсе жок.

Шаардын поликлиникасындагы стационардык дарылоо бөлүмүн жогорку больницага алып барып койгон,срочно кайра поликлиникага жылдыруу керек. Лейлек районундук территориялык аймактык ооруканасынын главный врач жана главный бухгалтер иштен кетүүсү керек, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү керек. Арабтардын каржылоосу менен курулган төрөт үйү жараксыз болуп иштен чыгыптыр. Касыт арабтардан алган акчага Бишкектен эки квартира алыптыр. Уят төрөт үйү жараксыз абалда,күн суукта төрөгөн аялдар кантти экен???!

Биз ар дайым Ден соолугубуз үчүн күрөшөбүз.Дене сак болсо бул бакыт. Ар дайым биз өзүбүздү асрашыбыз керек.Кээ адамдар бар алар ден соолугун ойлошпойт,акырында оор абалга түшүп калышат.Ден соолукту кадырыга жетүү керек.Раззаков шаарыбызда семинар өткөрүүнү жолго салуу керек.Себеби,биздин акылдуу доктор агаларыбыз, эжелерибиз биздин элге өз консультациясын аябаса ,адамдар чыныгы жашоону, кантип ден соолугун чыңдоону үйрөнөт эле.

Раззаков шаарына көп улуттуу Раззаков атындагы 1000 орундуу заманбап мектеп гимназиясы керек

Раззаков шаарында ар бир кочолорго кичи спорт аянтчалар уюштурулса ото соонун болмок сураныч

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information