Күндүн энергиясы теридеги Д3 витаминин иштеп чыгууга көмөктөшөт. Ал боорго жана бөйрөккө өтүп, ал жерде активдүү Д витаминине айланат. Д витаминин жетишсиздиги – гиповитаминозго алып келет. Анын белгилери: *Алсыздык *Баш ооруйт *Булчуңдар ооруйт *Остеопороз *Тиштин эмалынын бузулушу *Тамакка табиттин жоголушу *Уйкусуздук *Көрүүнүн начарлашы *Эс тутумдун, нерв системасынын бузулушу. Д витаминине бай азыктар: *Кызыл жана майлуу деңиз балыгы, анын боору (айрыкча треска балыгынын боору) *Кара жана кызыл икра *Сүт азыктары: май, сүт, быштак *Козу карындар (кантерелла, морел, устрица козу карындары) *Уй жана койдун боору *Тоок жумурткалары. *50 жашка чейин адамга күнүнө 600-800 ХБ (15-20 микрограмм) Д витамини керек болот. Д витаминин жетишсиздиги сөөктөрдө кальций менен фосфордун азайышына алып келет. Витаминдердин жетишсиздиги баланын жашоосунун биринчи жылында, сөөк тканынын тез өсүшү байкалганда өзгөчө кооптуу. Учурда илимпоздор Д витамининин жетишсиздиги рактын, ошондой эле аутоиммундук, инфекциялык, вирустук жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна таасирин тийгизерин айтышууда. *Туура тамактануу менен таза абада болуу организмге пайдалуу,:
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation