ОШ ДЕНИ САК ШААР

ОШ ДЕНИ САК ШААР

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Дени сак шаарлар программасынын алкагында ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча шаарлардагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору калк арасында сурамжылоо уюштурууда. Бул жараянга баарыңыздар активдүү катышып, өз сунуш пикирлериңиздерди калтырыңыздар. Ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча сиз жашаган шаарда эмнелердин болушун каалайсыз? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз, Сиздин пикириңиз келечек үчүн маанилүү!

Points

Мен мигрант катары башка олкодо жургондуктон башка олколордогу оперативдуу иш аракеттерди коруп туруп, оз шаарларыбызга дагы сунуш кылгым келип турат. Эгер биз жазып жаткан маселе тез арада карала турган болсо COVID-19га каршы вакцинация кылуучу жайлардын альтернативдик пункттарын уюштурууну сунуштайм, анткени жакынкы арада дагы жаны толкун болору кутулуудо деп угуп жатабыз, жалпы элдин саламаттыгын оз учурунда сактап калууга ушул маселени сунуштайм.

Ош шаарынын жеке уйлоруно да жылуулук системасына кошуу заарыл анткени жеке уйлордон чыккан комурдун газы шаарды булгап ден соолукка зыян келтирип жатат

Балдар бакяа жетишпейт уопчулукко частныйлагга каражат жетишпейт а мамлекеттик балдар бакчасына бир краватка учтон бала жатат Балдарда педикулез коп азыркы учурда

Ош шаарындагы кафелерге козомол жок антисанитария текшеген киши жок идиш аяктарды жуучу жерлер талапка жооп бербейт идиш жуучу карадаттар менен жууп чала чайкап адамдарды уулап жатат Бул койгой бир канча жылдардан кийин ашказан рагы кобоюшу мумкун

Ош шаарынында ото коп тамак аш боюнча чамтый адамлар каалаган продукталарды чыгарып магащинге сатыкка чыгарып жатат мисалы айран рулеттер печеньелер булочкалар Кандай шартта жана кандай сапатта чыгып жатат козомол жок

Шаарга кары картандар учун жол чекелерде тратуардын жанында отургучтар болсо жакшы болот эле Велосипед менен журууго шарт жок тратуарлар тар соодагерлер тратуарларга чыгып соода сатык жасашып жараандарга шарт жок Тратуарларда мумкунчулугу чектелген жараандарга такыр шарт жок Мумкунчулугу чектелгендер учун жол тар болуп айтоочулар жургон чон жолго чыгып кетууго туура келет ушуну карап койсо жакшы эле

Эс алчу жайларды кобойтсо жакшы эле дени сак жашоо учун машыгуучу шаймандарды жасап койсо жакшы болмок

Тазалыкка көңүл бурулса, таштанды челектерге салынбай канчалаган таштандылар жолдун четинде жатат.

Ошту дагы Бишкектей болуп тутун басып баштады урматтуу бийлик окулдору опко рагы кобойуп кете электе эретерек конул буруп тутундун алдын алыныздар сураныч

Ош Бишкек жолу абдан чон жол болуп эсептелет бирок Оштон тээ Жалал абадга чейин айылдарды аралап өтөт андай узак жолго чыгып аткандар үчүн шыр кеткенге шаардын чет жакаларынан жол уюштурса болобу? Мисалы Озгон шаарынын базарынын ортосунан болуп отот да ушул жол

Чон рахмат сиздерге сунуштарыңыздарга. Албете каралат бул сунуштар. Ден соолукта болуңуздар.

Ош шаарынын мэриясы мен билгенден оз ишин татыктуу эле аткарып келе жатат, дагы сунушум ушул бойдон ишин жакшы улантышы керек.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information